Баткен облусу менен БУУӨПтүн кызматташтыгы дагы өнүгөт

Аймак 23 Апрель 2025 10:29
492257240_1216353513191435_865512442576271653_n.jpg
492259926_1216353579858095_3603814178158106504_n.jpg
492149501_1216353836524736_3966963618942458644_n.jpg
492032264_1216353659858087_2982064775417380016_n.jpg
492128243_1216353623191424_1085253870747298203_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Күн мурун президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуу учурунда ыйгарым укуктуу өкүл Баткен облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан ар кандай долбоорлорго БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазылык билдирди.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу боюнча актуалдуу маселелер кеңири талкууланды. Анын ичинде жаштарга билим берүү, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, туризмди өнүктүрүү, айыл чарба тармагында инновациялар (мисалы, тамчылатып сугаруу системалары), климаттын өзгөрүшү жана калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу конструктивдүү жана өз ара түшүнүшүүдө өтүп, тараптардын ортосундагы кызматташтыкты активдүү улантуу макулдашылды.