Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоонун алкагында алмашылган аймактардагы турак жайларды бөлүштүрүү мыйзам чегинде гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирдишти.
Маалыматка ылайык, эки тараптуу комиссия алмашыла турган айылдардагы кыймылсыз мүлктөрдү инвентаризациялоо иштерин толук аяктады. Анын алкагында Баткен облусундагы 259 турак үйгө, ал эми Тажикстандын Согди облусундагы 214 турак үйгө тиешелүү актылар түзүлгөн.
Белгиленгендей, турак жайы Тажикстандын аймагына өткөн кыргыз жарандары үчүн Баткен жана Лейлек райондорунда мамлекет тарабынан жалпысынан 257 жаңы турак үй курулуп, ээлерине тапшырылды.
Ал эми Тажикстандан Кыргызстандын аймагына өткөн турак үйлөр Мамлекеттик мүлк фондунун эсебине өткөрүлдү. Бул үйлөрдү 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларында турак жайынан жабыркаган жарандарга экинчи үй катары мыйзамдын негизинде бөлүштүрүү пландалууда. Ал эми калган үйлөр менен Лейлек районунун Кайрагач тилкесиндеги жарандардын маселесин чечүү мүмкүнчүлүгү каралат.
"Кайрагач тилкесиндеги турак жай 2025-жылга чейин Тажикстандын аймагында жайгашып, чек ара такталгандан кийин гана Кыргызстанга өткөн. Бул үй да Мамлекеттик мүлк фондунун эсебинде турат жана жергиликтүү бийликтин башкаруусуна өткөрүлгөндөн кийин маселеси толугу менен мыйзам чегинде чечилет", - деп айтылат маалыматта.