Бишкек, 30.09.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Барпы айыл өкмөтүндө экологиялык талаптардын бузулушуна байланыштуу бир катар фактылар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында таштандылардын белгиленбеген жерлерге ташталып, өрттөлгөнү, ошондой эле автоунаалардан атмосфералык абага ченемден ашык өлчөмдө зыяндуу заттар бөлүнүп жатканы аныкталган.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча жеке жактарга жана Барпы айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканага карата 7 административдик протокол түзүлгөн. Жыйынтыгында укук бузган тараптарга жалпы 75 миң 500 сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча тиешелүү тараптарга 11 пункттан турган эскертме берилген.