Балыкчыда күн электр станциясы жана ири күнөскана курулат

Экономика Загрузка... 12 Февраль 2026 18:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Кыргыз жашыл инфраструктура фонду" Коомдук фондунун делегациясы, ошондой эле Sino American Global Fund компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда кайра жаралуучу энергия жана агроөнөр жай долбоорлору, анын ичинде Балыкчыдагы күн электр станциясы менен 50 гектардык күнөскана куруу маселелери талкууланды. Тараптар бул долбоорлорду мамлекеттик колдоо жана ишке ашыруу кадамдарын карашты.

"Инвестицияларды тартуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыздап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнү модернизациялоого өбөлгө түзгөн стратегиялык артыкчылык болуп саналат. Мамлекет бизнести коргоо, салык жана бажыны либералдаштыруу аркылуу жагымдуу чөйрө түзүүдө. Инвестициялык мыйзамдар кабыл алынып, 2030-жылга чейинки стратегия иштелип чыгууда. Бул чаралар инвесторлордун ишенимин бекемдеп, өлкөнү аймактагы негизги инвестициялык борборго айлантууну көздөйт", — деди президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

Тараптар Кыргызстандын "жашыл" энергетиканы өнүктүрүүдө жана айыл чарбасына инновациялык технологияларды киргизүүдө жогорку мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешти.