24 сааттык режим жана 50 автопоезд: Балыкчыдагы көмүр база кандай иштеп жатат?

Коом 26 январь 2026 09:10
622396598_881263287831981_1375863101416267903_n.jpg
618384003_881263254498651_1880096828983943730_n.jpg
619202350_881263291165314_5286887211212286559_n.jpg
619612158_881263367831973_5256983104056075715_n.jpg
619907161_881263424498634_6012833815866518553_n.jpg
622723975_881263404498636_1079126032531608048_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ишканасынын "Балыкчы" филиалына барып, отун базасынын иши жана техникалык абалы менен таанышты. Министр кышкы чилдеде көмүр тартыштыгын болтурбоо үчүн жеткирүү иштерин үзгүлтүксүз улантууну тапшырды.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө Балыкчыдагы жүктөө-түшүрүү пунктунда Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн 26 миң тонна штыб-көмүр жана борбор калаанын калкын камсыздоого багытталган 2 миң тонна тандалма көмүр кору бар.

Ишкананын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында эле Бишкек ЖЭБине 77 419 тонна (1 214 вагон) көмүр жөнөтүлгөн. Бул пландалган 80 миң тонналык көрсөткүчтүн дээрлик 96 пайызын түзөт.

Учурда көмүр базасы суткасына 24 сааттык режимде иштеп жатат. Объектте төмөнкү техникалар үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүдө:

  • 50 даана Howo үлгүсүндөгү автопоезд;
  • 4 даана фронталдык жүктөгүч;
  • 1 даана экскаватор.

Өткөн 2025-жылдын ичинде Кара-Кече кенинен Балыкчыдагы базага жалпысынан 624 миң 49 тонна көмүр ташылып келген. Анын ичинен ишкананын өзүнүн автоколоннасы 130 миң тоннадан ашык отунду (5 447 каттам) жеткирген.