Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Өлкөдөгү аялдардын санариптик компетенцияларын жогорулатууга багытталган “Кыргызстандын 100 санарип лидер-айымы” программасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Илим, билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Анда белгиленгендей, бир нече айга созулган окууда катышуучулар санариптик инструменттерди колдонуу, жасалма интеллект технологияларын ишке киргизүү, башкаруу жана лидерлик боюнча практикалык билим алышты.
Жыйынтыктоо аземи 25-сентябрда Улуттук тарых музейинде өтүп, программаны ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга күбөлүктөр тапшырылды.
“Кыргызстандын 100 санарип лидер-айымы” программасы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен өнөктөштүктө, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.