Кыргызстан ЮНЕСКОнун Токио конвенциясына кошулууга даярданууда

Билим
Кыргызстан ЮНЕСКОнун Токио конвенциясына кошулууга даярданууда
copyright icon WWW

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кыргызстан жогорку билим берүү жаатындагы квалификацияларды таануу боюнча ЮНЕСКОнун Токио конвенциясына кошулуу үчүн даярдык иштерин улантууда. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги маалымдады.

21-октябрда министрликте улуттук жумушчу топтун жыйыны өтүп, анда конвенциянын жоболорунун өлкөнүн мыйзамдарына шайкештиги жана кошулуу үчүн зарыл болгон укуктук чаралар талкууланды.

"Конвенцияга кошулуу чет өлкөлүк квалификацияларды таануу жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатууга, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.