Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунда каттам ачылды

Аймак 9 июль 2025 12:23
WhatsApp Image 2025-07-09 at 12.15.43.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 12.15.43 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 12.15.43 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 12.15.42.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 12.15.41.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 12.15.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Тоң районунда селден улам жабылган Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол бүгүн саат 10:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон сел келип, аталган унаа жолдун 113-чакырымын каптаган. Сел айланма жолго салынган темир-бетон шакекчелерди жууп кетип, жол каттамы убактылуу жабылган.

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн жерине атайын техникалар тартылып, жолду ачуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Учурда унаа каттамдары толук кандуу жандандырылып, жол ачылды.