Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу убактылуу жабылды. Себеби

Аймак Загрузка... 09 Июль 2025 12:00
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча Тоң районунда болжол менен саат 10:30да жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго убактылуу каттам үчүн салынган темир бетон шакекчелерди жууп кеткен. Буга байланыштуу учурда каттам убактылуу жабык.

Жерине Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана "Арек-Строй" жол куруу компаниясынын техникалары тартылды.

Кошумча маалымат берилет.