Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу калыбына келтирилүүдө

Аймак 31 июль 2025 11:14
WhatsApp Image 2025-07-31 at 10.47.40.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-31 at 10.47.41.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-31 at 10.47.40.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-31 at 10.47.41.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Тоң районунда Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун сел алган тилкеси калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-июлда жолдун 97- 123 чакырымдар аралыгында нɵшɵрлɵп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Сел суусу аталган жолду реконструкциялоо боюнча долбоордун алкагында курулуп жаткан кɵпүрɵнү айланып ɵтүүчү убактылуу жолду жууп кеткен.

Тез арада жолчулар тарабынан атайын техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Жолдун абалы боюнча кошумча маалымат берилет.