Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу селден улам убактылуу жабылды

Аймак Загрузка... 31 Июль 2025 10:40
copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу селден улам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн, 31-июлда Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча саат 06:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кажы-Сай айылында сел жүргѳндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Сел Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол убактылуу салынган айланма унаа жолунун болжол менен 154-чакырымында орнотулган бетон шакекчелерди жууп кетип, жараксыз абалга келген.

"Учурда унаа жолу жабык. Жерине техникалар тартылууда, ошондой эле Кажы-Сай айылында турак үйлөрдү каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат берилет.