Балык тоютуна салык алынбайт: Жеңилдик 2027-жылга чейин узартылды

Экономика Загрузка... 12 Февраль 2026 16:08
WhatsApp Image 2026-01-21 at 16.37.28.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомго киргизилди.

Жаңы чечимге ылайык, 2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоют сатууда КНС алынбайт. Нөлдүк ставка тоютту өндүргөн ишкана аны балык өстүрүү менен алектенген чарбага түз саткан учурда колдонулат.

Бул чара балык өстүрүүчүлөрдүн чыгымын азайтып, ата мекендик өндүрүштү көбөйтүүгө жана бааларды туруктуу кармоого жардам берет.