Балдардын интернеттеги коопсуздугу: Ата-энелер эмнелерди билиши керек?

Коом 17 сентябрь 2026 11:20
Балдардын интернеттеги коопсуздугу: Ата-энелер эмнелерди билиши керек?
copyright icon WWW
Кабар

Интернет балдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Алар смартфондорду окуу, баарлашуу, оюн ойноо жана маалымат алуу үчүн колдонушат. Бирок санариптик чөйрө берген мүмкүнчүлүктөр менен катар айрым коркунучтар да бар. Алардын арасында кибербуллинг, алдамчылык, коркутуу, жеке маалыматтарды жана сүрөттөрдү таратуу, бейтааныш адамдар менен жагымсыз байланыштар жана гаджеттерди ашыкча колдонуу сыяктуу тобокелдиктер кездешет.

Кыргызстанда балдардын жеке маалыматтарын коргоо маселеси Санарип кодексинин алкагында өзүнчө укуктук жөнгө салынган. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги балдарды санариптик чөйрөдө коргоонун негизги укуктук механизмдерин түшүндүрүп, ата-энелерге интернетти, социалдык тармактарды жана гаджеттерди коопсуз колдонуу боюнча сунуштарды берет.

Балдар санариптик мыйзамдарда өзгөчө коргоого алынды

Кыргызстанда биринчи жолу мыйзам деңгээлинде балдардын жеке маалыматтарын иштетүүгө жана коргоого байланыштуу атайын талаптар киргизилди. Кабыл алынган Санариптик кодексте бала жеке маалыматтардын өзгөчө категориядагы субъекти катары каралып, ага карата күчөтүлгөн кепилдиктер жана мамлекеттик коргоо чаралары белгиленди.

Буга чейин балдардын жеке маалыматтары жалпы тартипте иштетилип келсе, жаңы кодексте аларды коргоого өзгөчө укуктук режим киргизилди. Баланын жеке маалыматтары анын кызыкчылыгы үчүн гана жана анын негизги укуктары менен эркиндиктеринин коопсуздугун камсыз кылуу шартында иштетилиши мүмкүн.

Санариптик кодекстин 81-беренесине ылайык, мыйзамдар баланын жеке жашоосуна мыйзамсыз кийлигишүүгө жана анын укуктарынын бузулушуна жол бербөөгө багытталган.

Интернетте балдарга кандай коркунучтар бар?

Интернеттеги негизги коркунучтардын бири — балдардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз же ашыкча чогултуу. Ар кандай тиркемелер, онлайн-сервистер жана оюндар байланыштар тизмесине, геолокацияга, микрофонго жана башка маалыматтарга кирүүгө уруксат сурашы мүмкүн. Бирок алардын айрымдары сервистин иштеши үчүн дайым эле зарыл боло бербейт.

Дагы бир олуттуу коркунуч — маалыматтардын сыртка чыгып кетиши же ага уруксатсыз кирүү. Натыйжада баланын жеке маалыматтары ачык булактарга чыгып же киберкылмышкерлердин колуна түшүп калышы мүмкүн.

Ошондой эле кибербуллинг жана психологиялык басым балдар үчүн олуттуу тобокелдик жаратат. Буга социалдык тармактарда жана мессенжерлерде баланы системалуу түрдө мазактоо, кемсинтүү же башкалардан обочолонтуу кирет.

Мындан тышкары, интернеттеги алдамчылык, коркутуу (шантаж) жана жеке маалыматтарды ашыкча бөлүшүү да кооптуу. Алдамчылар баланы каржылык схемаларга тартууга же социалдык инженерия ыкмалары аркылуу андан сүрөт, видео жана башка жеке маалыматтарды алууга аракет кылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, балдар интернетте зомбулук камтылган материалдар, жалган маалыматтар жана терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон чакырыктар сыяктуу кооптуу контенттерге туш болушу мүмкүн.

Андыктан баланын санариптик коопсуздугу интернетти техникалык жактан чектөө менен гана чектелбейт. Ага интернетти коопсуз колдонуу эрежелерин үйрөтүү да маанилүү.

Баланын кайсы маалыматтарын интернетке жарыялоого болбойт?

Мыйзамдарда жеке маалыматтарды мүмкүн болушунча аз чогултуу жана колдонуу принциби каралган. Ошол эле учурда Санариптик кодексте ата-энелердин жеке баракчаларына жарыялоого тыюу салынган маалыматтардын так тизмеси көрсөтүлгөн эмес. Бирок укуктук тобокелдиктерди эске алуу менен айрым маалыматтарды жарыялоодо өзгөчө этият болуу сунушталат.

Төмөнкү маалыматтарды ачык жайгаштырбоо керек:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ПИН, паспорттук маалыматтар, медициналык карталар жана маалымкаттар;
  • үйдүн так дареги, баланын телефон номери, ошондой эле үйдүн же батирдин номери даана көрүнгөн сүрөттөр;
  • баланын окуган мектеби, спорттук ийримдери, сабактарынын жадыбалы жана күнүмдүк каттамдары тууралуу маалымат;
  • реалдуу убакыттагы геолокация;
  • баланын ыңгайсыз же жеке жагдайдагы сүрөттөрү.

Бул маселе ата-энелердин балдары тууралуу сүрөттөрдү жана маалыматтарды социалдык тармактарга көп жарыялаган “шарентинг” практикасынын жайылышына байланыштуу өзгөчө актуалдуу болуп жатат.

Бир караганда жөнөкөй көрүнгөн сүрөт кийин баланы шылдыңдоого же кибербуллингге себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле сүрөттөр баланын жана анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугусуз үчүнчү жактар тарабынан колдонулушу ыктымал.

Ата-эненин көзөмөлү — баланы аңдуу эмес

Ата-эне баланын мыйзамдуу өкүлү болуп, анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жооп берет. Ошол эле учурда интернеттеги көзөмөл баланын санариптик чөйрөнү коопсуз өздөштүрүүсүнө жардам бериши керек. Ал дайыма эле акмалоого айланбашы зарыл.

Адистер ата-энелерге балага эмне үчүн айрым контенттерге, түзмөктү колдонуу убактысына же тиркемелерди жүктөөгө чектөө коюлуп жатканын ачык түшүндүрүүнү сунуштайт. Бала бул чаралар жазалоо үчүн эмес, анын коопсуздугу үчүн жасалып жатканын түшүнүшү керек.

Ошондой эле көзөмөл баланын жашына жараша болушу зарыл. Бала чоңойгон сайын техникалык чектөөлөр акырындык менен өз алдынчалыкка, жоопкерчиликке жана санариптик сабаттуулукка орун бериши керек. Техникалык жактан коргоо үчүн ата-энелер расмий көзөмөл куралдарын колдонуп, тиркемелерди жүктөөнү, сатып алууларды, түзмөктү колдонуу убактысын жана башка жөндөөлөрдү көзөмөлдөй алышат.

Көзөмөл кайсы учурда жеке мейкиндикке кийлигишүүгө айланат?

Ата-энелер үчүн өспүрүм баланын кат алышуусун жана социалдык тармактардагы аккаунттарын көзөмөлдөө өзгөчө татаал болуп саналат.

Санариптик кодекстин 81-беренесинде баланын жашына жараша ар кандай талаптар каралган. 14 жашка чейинки баланын жеке маалыматтарын иштетүүгө анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынат. Ал эми 14 жаштан баштап бала өзүнүн маалыматтарын иштетүүгө өз алдынча макулдук берүүгө укуктуу.

Бул баланын өз алдынчалыгын жаш курагына жараша акырындык менен таануу принцибин чагылдырат. Ошондуктан баланын жеке каттарын жашыруун түрдө дайыма окуу ата-эне менен баланын ортосундагы ишенимге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Туруктуу көзөмөлдүн ордуна өз ара келишимдерди түзүп, ачык сүйлөшүү маанилүү.

Бирок балага реалдуу коркунуч жаралган учурда кырдаал башкача болот. Мисалы, анын жүрүм-туруму кескин өзгөрүп, коркутууларга же коркутуп талап кылууга туш болсо, шектүү адамдар менен байланышса же кооптуу топторго тартылып кетүү коркунучу жаралса, ата-эненин негизги милдети — баланын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырдаалды аны менен бирге чечүү.

Кибербуллингге же коркутуп талап кылууга туш болгондо эмне кылуу керек?

Эгер бала мазактоого, алдамчылыкка, коркутуп талап кылууга же анын сүрөттөрүнүн уруксатысыз таралышына туш болсо, ата-эненин биринчи реакциясы аны күнөөлөө же жазалоо болбошу керек.

Балдар жана өспүрүмдөр менен иштеген психолог Гүлбарчын Бечелова “Кабар” агенттигине билдиргендей, бала ата-энеси аны урушпай, тескерисинче, жардам бергени маанилүү.

“Мага айтканың жакшы болду. Эми бул маселени чогуу чечебиз” деген мамиле баланын өзүнчө обочолонбой, көйгөйүн чоңдорго айтуусуна жардам берет.

Психологдун айтымында, эмнеге мындай кылдың же мен сага айтпадым беле деген сөздөр баланын өзүн күнөөлүү сезишине жана көйгөйүн ата-энесине айтуудан тартынуусуна алып келиши мүмкүн.

Көйгөй жаралган учурда ата-энелерге төмөнкү аракеттерди жасоо сунушталат:

Биринчиден, баланы сабырдуулук менен угуу керек. Аны күнөөлөбөй, өзүн айыптуу сезүүсүн күчөтпөө маанилүү. Жардам сурап кайрылганы туура чечим болгонун балага түшүндүрүү зарыл.

Экинчиден, далилдерди сактап калуу керек. Билдирүүлөрдүн, жарыялардын же коркутуулардын скриншотторун жасап, тиешелүү баракчалардын шилтемелерин, даталарын жана колдонуучулардын аккаунттарын сактоо зарыл.

Үчүнчүдөн, платформанын администрациясына кайрылуу керек. Эгер баланын жеке маалыматтары же сүрөттөрү мыйзамсыз таралып жатса, аларды бөгөттөө жана өчүрүү тууралуу кайрылуу жөнөтүүгө болот.

Төртүнчүдөн, зарыл учурда тиешелүү органдарга кайрылуу керек. Коркутуп талап кылуу, алдамчылык же мыйзамсыз таратылган маалыматтарды өчүрүүдөн баш тартуу учурларында Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке жана ички иштер органдарына кайрылууга болот.

Маанилүүсү, аккаунттардын коопсуздугун күчөтүү керек. Бала менен бирге аккаунттардын купуялык жөндөөлөрүн текшерип, сыр сөздөрдү алмаштыруу, эки баскычтуу текшерүүнү күйгүзүү жана жеке маалыматтарга кире алган адамдардын чөйрөсүн чектөө сунушталат.

Психолог: Бала көйгөйүн ата-энесине айтуудан коркпошу керек

Психолог Гүлбарчын Бечелованын айтымында, учурда балдар үчүн негизги санариптик коркунучтардын катарына кибербуллинг, интернеттеги алдамчылык, бейтааныш адамдар менен туура эмес байланыш түзүү, жеке маалыматтардын жана сүрөттөрдүн таралышы, ошондой эле телефон, оюндар жана социалдык тармактарды ашыкча колдонуу кирет.

Ал ата-эненин көзөмөлү зарыл экенин, бирок ал баланын жашына жараша өзгөрүп турушу керектигин белгилейт.

“Эң негизгиси, бала ата-энесинен коркпошу керек. Ал менин башыма кандайдыр бир нерсе түшсө, апама айта алам деп ишениши зарыл”, — деди психолог.

Анын айтымында, ата-эне балага өзүнүн кетирген катасын да ачык айтууга мүмкүнчүлүк берген ишенимдүү чөйрөнү түзүшү керек.

Балдарга түшүндүрүлө турган негизги эреже — интернетте кандайдыр бир көйгөй жаралса, аны жалгыз чечүүгө аракет кылбастан, чоңдордон жардам суроо.

Балдар үчүн санариптик коопсуздуктун 5 эрежеси

Психолог балдарга төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоону сунуштайт:

  1. Сыр сөздөрдү эч кимге айтпоо.
  2. Бейтааныш адамдар жиберген шектүү шилтемелерди жана файлдарды ачпоо.
  3. Интернетке жеке маалыматтарды жарыялабоо.
  4. Интернеттен таанышкан адамдарга дароо ишенбөө.
  5. Жеке сүрөттөрдү жөнөтүүдө өзгөчө этият болуу.

Мындан тышкары, бала коркутууга, шантажга, мазактоого же башка жагымсыз жагдайга туш болсо, сөзсүз ата-энесине кайрылышы керектигин билиши зарыл.

Санариптик коопсуздук үй-бүлөдөн башталат

Санариптик коопсуздук атайын тиркемелерди орнотуу же телефонду колдонуу убактысын чектөө менен гана камсыздалбайт. Бул жерде ата-эне менен баланын күнүмдүк баарлашуусу жана баланын интернетти коопсуз пайдалануу көндүмдөрүн калыптандыруу да маанилүү.

Санариптик кодексте балдардын жеке маалыматтарын иштетүүгө байланыштуу маалыматтар аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү тилде берилиши керектиги каралган. Ошондуктан ата-энелер балдарга интернетте кайсы маалыматтарды бөлүшүүгө болорун, сыр сөздөрдү эмне үчүн эч кимге айтпоо керектигин, ошондой эле бейтааныш шилтемелерге, адамдарга жана тиркемелерге этият мамиле кылуу зарылдыгын түшүндүрүшү шарт.

Мындан тышкары, ата-энелер аккаунттардын купуялык жөндөөлөрүн үзгүлтүксүз текшерип, ар бир аккаунтка өзүнчө күчтүү сыр сөз колдонуп, эки баскычтуу текшерүүнү күйгүзүп, өздөрүнүн да санариптик сабаттуулугун жогорулатып туруу сунушталат.

Ошол эле учурда техникалык каражаттар ата-эне менен баланын ортосундагы ишенимдүү мамилени алмаштыра албайт.

Кандай ката кетирсеңер да, биринчи кезекте силерге жардам берүүгө аракет кылам, урушпайм деген түшүнүктү ата-эне балага жеткириши керек.

Бала чоң киши аны биринчи кезекте угуп, жардам берерине ишенсе, интернеттеги көйгөйү тууралуу убагында айтып кайрылуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Демек, баланын санариптик коопсуздугу үй-бүлөдөгү жөнөкөй эрежеден башталат. Кандай гана көйгөй болбосун, аны коркпой ата-энеге айтууга болот.