Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкектин райондорунда бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Биринчи май району
1-июнда саат 15:00дө "Вефа" соода борборунда "Тумар FM" радиостанциясы менен биргеликте балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулат.
Муну менен катар "Бишкек Парк" соода жана көңүл ачуу борборунда балдар үчүн майрамдык иш-чара өтөт. Анын алкагында билерик жана өрүм өрүү боюнча мастер-класстар, аквагрим, ошондой эле супербаатырлардын образындагы аниматорлор иш алып барат.
Саат 16:00дө Нариманов скверинде майрамдык иш-чара өтөт.
И. Панфилов атындагы паркта аниматорлор катышкан интерактивдүү зоналар, ар түрдүү багыттагы мастер-класстар, ошондой эле элдик чыгармачылык жана кол өнөрчүлүк жарманке-көргөзмөсү уюштурулат. Мындан тышкары, саат 09:00дөн 18:00гө чейин аттракциондорго жеңилдетилген тарифтер колдонулат:
- балдар билети (14 жашка чейин) – 80 сом;
- чоңдор билети (14 жаштан жогору) – 150 сом.
Свердлов району
1-июнда саат 14:00дөн тарта ГУМ жана Old Bishkek борборлорунда балдар үчүн кызыктуу көңүл ачуучу программалар уюштурулат.
"Дордой Плаза" соода борборунда саат 18:00дөн 21:00гө чейин 1-кабатта, ошондой эле борбордун ичиндеги "Мамалак" балдар оюн-зоок паркында саат 15:00дөн 16:00гө чейин музыкалык жана бий программалары, стол оюндары, аниматорлор, таттуулар жана аквагрим уюштурулат.
Ленин району
31-майда саат 18:00дөн 22:00гө чейин "Азия Молл" соода борборунда Amirchik катышкан майрамдык концерт, DJ-сеттер, интерактивдүү жана көңүл ачуучу программалар, бийчилер, фотозоналар жана тематикалык аянтчалар уюштурулат.
1-июнда саат 12:00дө Фучик паркында концерттик программа, спорттук оюндар жана сынактар өтөт.
Саат 11:00дө "Ак-Ордо" конушунда балдар үчүн спорттук иш-чара, ал эми саат 12:00дө "Ала-Тоо" конушунда майрамдык программа уюштурулат.
Саат 12:00дөн 20:00гө чейин "Ала-Арча" соода борборунда үй-бүлөлүк жарманке жана балдар үчүн шоу-программа өткөрүлөт.
Саат 12:00дөн 22:00гө чейин "Евразия" паркында театралдаштырылган көрсөтүүлөр, музыкалык жана чыгармачыл топтордун концерттери, аквазона, балдардын сүрөт көргөзмөсү жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар болот.
Октябрь району
1-июнда "Таш-Рабат" соода борборунда балдар үчүн шоу өтөт, ал эми Sky Park Baytik үй-бүлөлүк оюн-зоок паркынын экинчи бөлүгүнүн салтанаттуу ачылышы болот. Иш-чарага Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоосунда турган балдар катышат.
Саат 12:00дөн 18:00гө чейин Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында Color Fest фестивалы өтөт. Фестивалда балдар үчүн көңүл ачуучу шоу-программа, интерактивдүү оюндар ошондой эле Бегиштин катышуусундагы кичи-концерт болот.
Ошондой эле "Ынтымак-2" сейил багында саат 14:00дөн 16:30га чейин "Баарыбыз бирге" фестивалы өтөт. Иш-чаранын программасына артисттер менен оюндар, бий флешмобдору, кызыктуу сынактар жана көңүл ачуучу программалар ошондой эле сүрөтчүлөрдүн жана чыгармачыл топтордун өнөрлөрү көрсөтүлөт.
Ал эми саат 17:00дөн 20:00гө чейин "Ынтымак-2" сейил багында D Billions музыкалык тобу жана "Ак Шоола" балдар хорунун катышуусунда майрамдык иш-чара өтөт.
Программада балдар үчүн интерактивдүү мастер-класстар, кызыктуу шоулар жана анимациялар, сынактар жана бийлер камтылган.