Балдарды коргоо күнү: Бишкекте майрамдык фестиваль өттү

Коом 01 Июнь 2026 14:40
711656494_1446589580848115_6153216790123486969_n.jpg
713663648_1446589434181463_4783510626197294628_n.jpg
707963402_1446589430848130_7646294896255673012_n.jpg
708675299_1446589427514797_1231386558583868868_n.jpg
708939595_1446589214181485_8493175287489922452_n.jpg
709035401_1446589244181482_3774912893637685054_n.jpg
710098293_1446589184181488_2637489774220968200_n.jpg
710098300_1446589554181451_1486796614778619497_n.jpg
711446125_1446589234181483_5134249220035449913_n.jpg
711474739_1446589254181481_3275447937214393013_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган "Балалык дүйнөсү жана көчмөн деми" аттуу майрамдык фестиваль өттү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын алкагында "Сейтек" балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багында балдар үчүн ар түрдүү интерактивдүү аянтчалар уюштурулду. Алар чыгармачылык, билим берүү, спорт жана улуттук маданият багыттарын камтып, катышуучуларга жаңы билим алып, кызыктуу убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Иш-чарага катышкан министр Догдуркүл Кендирбаева балдарды куттуктап, аларга мээрим төгүү маанилүү экенин белгиледи.

“Балдарды шыктандыруу менен өнүгүшүнө мыкты шарт түзсөк, анда биз сапаттуу жашоого ээ болобуз. Биздин балдар - биздин байлык!”, - деди ал.

Мындан тышкары, министр фестивалдын алкагында уюштурулган интерактивдүү жана тематикалык көргөзмө аянтчалары менен таанышып, балдар менен бирге айрым оюн-зоок иш-чараларына катышты.

Фестивалда улуттук оюндар жана бийлер, боз үй тигүү, улуттук аспаптарда ойноо боюнча мастер-класстар, робототехника, 3D графика жана дизайн, сүрөт өнөрү, спорттук жана интеллектуалдык оюндар, ошондой эле экология жана туризм багытындагы иш-чаралар өткөрүлдү.