Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда балдарды коргоо үчүн 550 жаңы социалдык кызматкер ишке киришти. Бул тууралуу бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматовдун ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Анна Даутович менен жолугушуусунда айтылды.
Ведомствонун маалыматына караганда, тараптар оор турмуштук кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда жөлөк пулдарды жана социалдык колдоону жакшыртуу, ошондой эле жаңыдан ишке кирген 550 социалдык кызматкердин милдеттери талкууланды. Алардын иши балдарды коргоого, үй-бүлөлөрдү коштоого жана мекемелер аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталат.
Эл аралык өнөктөштөр, айрыкча ЮНИСЕФ менен өнөктөштүк балдардын укуктарын коргоо системасына заманбап ыкмаларды киргизүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү айтылды.
Ошондой эле балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттенүү планы талкууланды.
Тараптар балдарды социалдык коргоо системасын мындан ары өнүктүрүү жана калктын аялуу катмарларын колдоонун заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.