Балдарды кароосуз калтырбаңыз! Агартуу министрлиги ата-энелерге кайрылды

Коом 30 июнь 2026 17:10
Балдарды кароосуз калтырбаңыз! Агартуу министрлиги ата-энелерге кайрылды
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Акыркы убакта өлкөдө балдардын сууга агып кетүүсүнө байланыштуу кайгылуу окуялар көп катталууда.

Буга байланыштуу Агартуу министрлиги ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө кайрылып, жайкы каникул учурунда кырсыктардын алдын алуу үчүн төмөнкү коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт:

  • балдарды такыр кароосуз калтырбай, кайда жүргөнүн дайыма көзөмөлдөө;
  • кооптуу агын сууларга, каналдарга жана бейтааныш көлмөлөргө түшүүсүнө тыюу салуу;
  • көлгө же башка суу жээктерине барганда балдарды чоңдордун коштоосусуз сууга киргизбөө;
  • тоолуу аймактарга жалгыз жибербөө жана белгисиз өсүмдүк, мөмөлөрдү жешпесин көзөмөлдөө.

Министрлик баланын өмүрү жана ден соолугу баарынан кымбат экенин эскертип, ар бир ата-энени бул маселеге өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.