Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү 4 пайыз менен ипотекалык батир ала алат

Коом Загрузка... 05 Февраль 2026 17:17
357904.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик ипотекалык батирлерди алууда кандай жеңилдиктер бар экенине кызыкты.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурлан Кудайкулов балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү социалдык топко кирерин жана баштапкы төгүмсүз, 4 пайыз менен ипотекага батир ала алышарын билдирди.

"Насыя берүүнүн өз критерийлери бар экенин эске алуу керек, жок дегенде минималдуу кирешени көрсөтүү зарыл", — деди ал.