Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Баланы интернеттен эмес, зыяндуу контенттен коргоо керек. Бул тууралуу “Нуркидс” онлайн-платформасынын бет ачарында балдар психологу Айгерим Аккабакова билдирди.
Анын айтымында, учурдагы эң актуалдуу маселелердин бири – бул балдардын интернет аркылуу туура эмес, текшерилбеген ар кандай маалыматтарды алып жатканы. Атап айтканда, алар мындай нерселер менен чоңоюп жатышат.
“Сүйлөөсү же өнүүгүсү кечигип жаткан балдарды практикамда көп эле кездештирип жүрөм. Сурай келгенде алар бөбөк кезинде эле сыналгы жана гаджеттерди көрүп баштаган болушат. Мындан улам алар тили кеч чыгуу, көңүл буруунун жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк синдрому (СДВГ), психикалык жана сүйлөө өнүгүүсүнүн кечеңдеши (ЗПРР) деген ар кандай кечигүүлөргө кабылып жатышат.
Азыркы учурда интернет балдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланып калды. Ал билим алууга, дүйнө таанууга, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Бирок, ошол эле учурда такталбаган, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык келбеген, зыяндуу маалыматтарды камтыган сайттар же платформалар көп кездешет.

Баланын мээси менен психикасы толук калыптана элек болгондуктан, ал интернеттен алган маалыматты чоң адамдай талдай албайт. Андыктан, ал болгон маалыматтарды баарын чындык катары кабыл ала берет. Аны ал тургай жүрүм-турумунда да колдонуп, көчүрүп алышы мүмкүн”,-деди психолог.
Ошондой эле ал белгилегендей, психологиялык изилдөөлөр боюнча, бала дайыма агрессивдүү, зордук-зомбулук, жек көрүүнү жайылткан контенттерди көп көрсө, убакыттын өтүшү менен мындай көрүнүштөр ал үчүн нормага айланат.
“Бул анын эмоционалдык сезимталдыгынын төмөндөшүнө жана агрессивдүү жүрүм-турумунун күчөшүнө алып келет. Мындан сырткары, интернет аркылуу тараган маалыматтар, өзгөчө жалган, ар кандай кооптуу чакырыктар жана манипуляциялык маалыматтар балдардын коркуусун, тынчсыздануусун күчөтүшү мүмкүн. Ошондой эле ар кандай депрессия, невроздорго алып келиши ыктымал.
Өзгөчө өспүрүм курактагы социалдык тармактардагы идеалдуу жашоонун образы, жасалма сулуулук стандарттары жана өзүн башкалар менен тынымсыз салыштыруу – өзүн төмөн баалоого, депрессияларга, эмоционалдык чарчоого алып келерине күбө болуп жатабыз.
Ошондой эле интернетти көзөмөлсүз колдонуу – эмоционалдык туруксуздук, ачуулануунун күчөшү, тынчсыздануу жана коркуу, ата-эне менен болгон мамиленин начарлашы, окууга болгон кызыгуунун төмөндөшү, социалдык көндүмдөрдүн өнүгүүсүн жайлатышы мүмкүн.

Өзгөчө аутизм спектриндеги бузулуусу, гиперактивдүүлүк синдрому жана психикалык жана сүйлөө өнүгүүсүнүн кечеңдеши бар балдар интернеттин терс таасирине көбүрөөк кабылышат. Себеби, бул балдар өзүн-өзү көзөмөлдөө, маалыматты талдоо жана эмоционалдык жөнгө салууда алсызыраак болушат. Андыктан, баланы интернеттен ажыратпастан, ага туура, коопсуз платформаларды таап беришибиз керек”,-деди Аккабакова.
Психолог жогоруда аталган маселелердин чечүүнүн бир нече жолун сунуштайт.
“Ата-эне менен баланын ортосунда жылуу мамиле, узак баарлашуу, эмоционалдык колдоо болсо интернетке көз карандылык азаят.
Экинчиден, балдар көргөн маалыматтарды талдоо зарыл. Бул кайдан келген маалымат, чындыкпы же жалганбы? Сен өзүңдүн оюңду айтчы? деген суроолорду балага берип, чогуу талкуулоо зарыл.
Үчүнчүдөн, мектептерде жана бала бакчаларда санариптик сабаттуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
Төртүнчүсү, балдардын бош убактысын спорт, ар кандай машыгуулар менен алмаштырып, сейилдөөгө, саякаттоо менен убакыт өткөрүү. Ошондо интернетке убакыт артпайт.
Бешинчиси – балада интернеттен улам кандайдыр бир эмоционалдык өзгөчөлүктөр пайда болсо, сөзсүз психологго алып баруу сунушталат.
Бүгүнкү санарип доордо балдарды интернетти колдонууга тыюу салуу эмес, аларга коопсуз, ишенимдүү жана сапаттуу санариптик чөйрөнү түзүү маанилүү”,-деп сөзүн жыйынтыктады психолог.