"Бала ырысы" жөлөк пулун алуунун шарттары айтылды

Коом Загрузка... 17 Март 2026 12:16
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. "Бала ырысы" жөлөк пулу 1 200 сом өлчөмүндө белгиленет. Бул жөлөк пул Кыргызстандын жарандарына жана кайрылман статусуна ээ болгон адамдардын балдарына берилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова билдирди.

Адистин айтымында, бул жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан төлөнөт.

"Бийик тоолуу аймактарда жашагандарга төлөмдөр райондук коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Ошондой эле бала сөзсүз түрдө энеси менен жашашы керек деген шарт бар. Ата-энелер миграцияда болбошу зарыл", – деди ал.
2

Жөлөк пулду алуу үчүн негизги документтер:

  • энесинин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • жеке идентификациялык номердин болушу шарт.

Жөлөк пулду алуу үчүн Эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарына арыз менен кайрылуу керектиги белгиленет.

Эскерте кетсек, март айынын башында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдар үчүн жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул – "Бала ырысын" киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.