"Бала ырысы" жөлөк пулун алуу үчүн кандай документтер керек?

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 18:30
WhatsApp_Image_vb6HRuY.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун чектөө үчүн кандай документтер зарыл экендигин маалымдады.

Ага ылайык, жөлөк пулду тариздөө үчүн төмөнкү документтерди керек болот:

  • ата-энесинин ЖИНи (ПИН) көрсөтүлгөн паспортунун көчүрмөсү же кайрылман күбөлүгү;
  • баланын ЖИНи көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек ара аймактарында, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын болгон зоналарда жайгашкан калктуу конушта туруктуу жашагандыгын тастыктаган "Санарип аймак" тутумундагы жашаган/жүргөн жери боюнча каттоосу тууралуу маалымат;
  • эгерде ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөк пулун алуу үчүн Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттердин күбөлүгү бар балдары менен кайрылган учурда — балага таризделген КР паспорту же КР жарандыгына таандык экендигин тастыктаган маалымкат.

Арыз ишенимдүү адам же мыйзамдуу өкүл тарабынан берилген учурда төмөнкүлөр талап кылынат:

  • паспорт;
  • жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
  • балага мыйзамдуу өкүл дайындоо жөнүндө соттун чечими.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-июлдан тарта "Бала ырысы" жөлөк пулун чектөө жана төлөө үчүн документтерди кабыл алуу башталат.