"Бала ырысы" жөлөк пулу: Жаңы программа үй-бүлөлөрдү кантип колдойт?

Коом Загрузка... 10 Март 2026 18:15
bfe64e2868bc3f_Jtt29qw.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жаңы мамлекеттик жөлөк пул – "Бала ырысын" киргизүү механизмдерин талкуулоого арналган жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү.

Жыйынды министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ачып, бул жөлөк пул балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону күчөтүүгө жана алардын социалдык жактан корголушун жогорулатууга багытталганын баса белгиледи.

"Бүгүн биз маанилүү этапты – жаңы жөлөк пулду киргизүүнүн практикалык механизмдерин талкуулай баштадык. Биздин максат – балалуу үй-бүлөлөрдү мүмкүн болушунча натыйжалуу колдоо жана мамлекеттик жардам алуу тартибин адилеттүү, түшүнүктүү кыла турган чечимдерди иштеп чыгуу", – деп белгиледи Камчыбек Досматов.
WhatsApp_Image_2026-03-10_at_17.18.42.width-800

Анын айтымында, жөлөк пул берүүнүн натыйжалуу жана ачык-айкын механизмин түзүү мекемелер аралык жумушчу топтун алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана тармактык адистердин биргелешкен ишин талап кылат. Жөлөк пулду ишке ашыруу механизмдеринин үстүнөн иштөө кызыкдар мамлекеттик органдардын жана эксперттердин катышуусунда кийинки жыйындарда улантылат.

Үч жашка чейинки бардык балдар үчүн жөлөк пул

Жаңы жөлөк пул боюнча төлөмдөр 2026-жылдын 1-июлунан тартып башталат. Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөк пулдун өлчөмү айына 1 200 сомду түзөт.

hZcZxn6VdE0kmZJQmSmJ7rx6OSSPKQiWIjs67nhF_JqkS1.width-800

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда үч жашка чейинки 445 миңге жакын бала жашайт. Ошентип, жөлөк пулга кеткен айлык чыгашалар болжол менен 540 млн сомду, ал эми программанын жылдык бюджети болжол менен 6 млрд сомду түзөт. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Президент жөлөк пул киргизүү чечими тууралуу

Президент Садыр Жапаров жөлөк пул киргизүү чечими жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын белгиледи.

423537.width-800
"Адамдын эң негизги физикалык жана акыл-эс жөндөмдөрү жашоосунун дал ушул алгачкы жылдарында калыптанат жана өмүр бою сакталып калат. Мен бир да бала көңүл сыртында калбаган Кыргызстанды куруп жатам. Биз жасап жаткан иштердин баары балдарыбыз жана Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн", – деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Анын айтымында, чындап муктаж болгон бир дагы бала колдоосуз жана азык-түлүксүз калбашы үчүн мамлекет муктаж эместерге бир нече ашыкча жөлөк пул төлөгөнү жакшы.

Программанын максаты

Социалдык колдоонун жаңы чарасы төмөнкүлөргө багытталган:

  • балдар арасындагы кедейчиликтин деңгээлин төмөндөтүүгө;
  • үй-бүлөлөргө кепилденген жардамды камсыз кылууга;
  • баланын эрте өнүгүү мезгилинде социалдык колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга.

Эксперттин пикири

"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова "Бала ырысы" жөлөк пулу – бул дискриминацияны четтетүүгө жана балдардын жашаган жерине карабастан социалдык колдоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган абдан жакшы демилге экенин билдирди.

"Бизде миграция бар: үй-бүлөлөр жана балалуу энелер көп учурда бир жерден экинчи жерге көчүп турушат, алардын туруктуу каттоосу жок болушу мүмкүн. Бул жөлөк пул алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка мамлекеттик түзүмдөргө кайрылууну татаалдаштырат", – деди эксперт.
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3_jlzzSCP.width-800

Турдубекова Кыргызстанда дээрлик ар бир төртүнчү бала кедейчиликте жашагандыктан, мындай мамиле калктын бардык топторун жана катмарларын камтууга жардам берерин белгилейт.

"Иштебеген энелер үчүн, өзгөчө бир нече баласы болсо, жөлөк пулдун бул көлөмү керектүү азык-түлүктөрдү сатып алууга реалдуу колдоо көрсөтөт. Ошондой эле бул жөлөк пул энелердин ашыкча документтерди чогултпоосуна жана өздөрүнүн оор абалын далилдөө убаракерчилигинен арылууга шарт түзөт, бул болсо коррупциялык тобокелдиктерди азайтат. Эгер жөлөк пулдун өлчөмү жөнүндө айта турган болсок, ал азырынча анча чоң эмес, ошондуктан аны жыл сайын инфляцияны эске алуу менен жөнгө салып туруу маанилүү", – деди эксперт.