"Бала ырысы" жөлөк пулу: Арыздарды кабыл алуу башталды

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 10:34
720138203_3866980500111787_1098611125658370766_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Бүгүнтөн баштап 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул — "Бала ырысы" боюнча арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөн брифингде билдирди.

WhatsApp Image 2026-07-01 at 10.32.10

Анын айтымында, бүгүн эртең мененки сааттардан тарта 700дөн 1000ге чейин арыз түшкөн.

"Статистика боюнча өлкөдөгү калктын 38 пайызын балдар түзүп, 3 жашка чейинки балдардын саны 440-470 миңди түзөт. Жөлөкпулга арыз берүү мобилдик тиркеме жана аймактык башкармалык аркылуу жүргүзүлөт. Жарандар июль айында арыз берип башташса, август айынан тартып жөлөкпул берилип баштайт. Жөлөкпулду эки мамлекеттик банк — "Элдик Банк" жана "А банк" аркылуу алса болот", — деди министрдин орун басары.

Маалыматка ылайык, аталган жөлөк пул "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын негизинде дайындалып, анын өлчөмү ар бир 3 жашка чейинки балага ай сайын 1200 сомду түзөт.

Жөлөк пулду алуу үчүн ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр белгиленген формадагы арызды, паспортту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана башка зарыл документтерди тапшыруусу керек.