"Бала ырысы". Бир эле учурда бир нече жөлөк пул алууга болбойт

Коом Загрузка... 17 Март 2026 12:43
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова жаңыдан киргизилген "Бала ырысы" жөлөк пулун алуунун шарттары жана башка социалдык төлөмдөр менен болгон айырмачылыктары тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө кенен айтып берди.

Адистин айтымында, эгер үй-бүлө буга чейин "Үй-бүлөгө көмөк" же бийик тоолуу аймактарда жашоочуларга берилүүчү жөлөк пулдарды алып жаткан болсо, анда бир эле учурда "Бала ырысы" жөлөк пулун ала албайт.

"Жарандарга эки төлөмдүн ичинен бирин — өздөрү үчүн пайдалуураак же ыңгайлуураак болгон жөлөк пулду тандап алуу укугу берилет. Ошондой эле учурда "Бала ырысына" документтерди "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Көпчүлүк учурда балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү санариптик базага кирбей калгандыктан, онлайн арыз берүүдө мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Буга байланыштуу документтерди 1-июлга чейин иретке келтирип, санариптештирүүнү суранабыз", — деди ал.

Эскерте кетсек, "Бала ырысы" жөлөк пулу президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, үч жашка чейинки балдарды колдоо максатында киргизилген.