Бала бакчага "Электрондук кезек": Система 6-апрелге чейин жеткиликсиз болот

Коом Загрузка... 31 Март 2026 15:00
images.jpg

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоо "Электрондук кезек" мамлекеттик санариптик технологиялык системасы “Балалык” системасына көчүрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу системада 31-марттан 6-апрелге чейин техникалык иштер жүргүзүлөт.

"Бул мезгилде система убактылуу жеткиликсиз болот", - деп белгилешти министрликтен.