Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында мигранттар менен жолугушуу өткөрдү.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулган жолугушууга Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Россиянын Ички иштер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери катышты.
Жолугушууга Россияда иштеген жана окуган мекендештер, ошондой эле абактагы кыргызстандыктардын жакындары келишти.
Студенттер окуу жайлары “жүрүү мөөнөтүн” (каттоо мөөнөтүн) узартпай койгондугун, эми алар миграциялык талаптарды бузгандыктан айып төлөөгө же Россиядан чыгып кайра кирүүгө мажбур болуп жатышканын билдиришти.
Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Сергей Футо мындай көйгөйлөр өзбекстандык студенттерде да болуп жаткандыгын айтып, бул маселе боюнча иш алып барууга убада берди.
“Россиянын аймагында билим алып жаткан студенттердин жүрүү убактысын окуу жай өзү, окуу жылын толук эске алып, узартышы керек болчу, бирок алар өздөрүнүн жоопкерчилигин силерге жүктөп коюптур”, - деди Сергей Футо.
Андан сырткары, балдарды мектепке жана бала бакчага киргизүүдөгү кыйынчылыктар, мигранттарга арналган “Амина” тиркемесинин иштебей жатышы, ошондой эле эмгек укуктарынын бузулушу – айлык маяна боюнча маселелер айтылды.
Жолугушууда Москва облусундагы “Энерготек” ишканасында эмгектенип, жалпы суммасы 30 млн рублдан ашык айлыгын ала албай жаткан 150 кыргыз жаранынын маселеси талкууланды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жаркын Галиева бул иш Москва облустук прокуратурасынын кароосунда экенин маалымдады.
Акыйкатчынын орун басары Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнөн кызматкерлеринен “Энерготектин” жумушчуларынын укугун коргоп берүүнү өтүндү.
Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун жана Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргызстандыктарга укуктук консультация беришти. Кабыл алынган арыздар Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага жөнөтүлдү.