Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жакында эле президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган Бакыт Төрөбаев жаңы кызматында экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу үчүн жооптуу экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал кыргыз тарап бардык өлкөлөр, анын ичинде Улуу Британия менен өз ара пайдалуу инвестициялык өнөктөштүккө даяр экенин билдирди.
Төрөбаев эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикага токтолуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууга өзгөчө көңүл бурду. Улуу Британиянын ишкер чөйрөлөрүнүн Кыргызстанга болгон кызыгуусу артып жатканы белгиленди. Буга үстүбүздөгү жылдын февраль айында Лондондо өткөн кыргыз-британ ишкер кеңешинин 4-жыйынына британиялык ири компаниялардын катышканы далил боло алат.
Өз кезегинде Николас Боулер эки өлкө ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, британиялык компаниялардын өлкөдө иш алып барууга даярдыгын билдирди. Элчи Улуу Британия эки тараптуу кызматташтыкты прогрессивдүү өнүктүрүүгө, анын ичинде өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-британ өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдөө багытында кызматташууну улантууну макулдашты.