Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Бишкек жана Ош жылуулук электр борборлорунда быйылкы жылга планданган оңдоп-түзөө иштери толук аткарылды. Буу казандары жана турбоагрегаттар алдыдагы жылытуу мезгилине даярдалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Төрөбаев белгилегендей, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарындагы муниципалдык жылуулук ишканаларында да быйылкы жылга карата оңдоо пландары толук аткарылып, ишканалар кадимки режимде иштеп жатат.
“Андан сырткары “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасында да бир катар иштер жасалды. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында 35–500 кВ жогорку чыңалуудагы 1320,9 км электр өткөрүү чубалгысы капиталдык оңдоодон өтүп, бул көрсөткүч пландан ашыкча аткарылды. Ал эми 6–10–0,4 кВ деңгээлдеги чубалгылар 3076,7 км аралыкта оңдолуп, пландын 99,3% түздү.
Жалпы кубаттуулугу 50,5 МВА болгон төрт ири трансформатор жана 3292 даана көмөк чордон ремонттон өткөрүлдү. Пландалган жаңы курулуш жана реконструкциялоо иштери да 100%дан ашык деңгээлде аткарылганы белгиленди”,-деди ал.