Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Азербайжандын борбору Баку шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азербайжан мамлекеттик академиялык драма театрында жазуучунун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган "Жамийла" мюзикли тартууланды. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жамааты даярдаган спектакль аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыды.
Мюзикл эки боордош элдин маданий жакындыгын, руханий байланышын жана достугун даңазалаган чыгарма катары кабыл алынды.
Иш-чаранын катышуучулары:
- КР мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев;
- КР Маданият министри Мирбек Мамбеталиев;
- Азербайжандын Милли Мажлисинин төрагасынын орун басары Рафаэл Гусейнов;
- Азербайжандын маданият министри Адил Керимли;
- Жазуучунун уулу Элдар Айтматов, дипломаттар жана маданият ишмерлери.