Бакетаев: Эл бийликти алмаштырууга аракет кылгандарды колдобойт

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 09:32
copyright icon WWW

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев социалдык тармакта шайлоодон кийин массалык башаламандыктарды уюштурууну пландагандардын кармалышы боюнча пикирин билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын негизги көйгөйлөрү - кылмыштуулук, коррупция жана мамлекеттин акчаларын уурдоо сыяктуу көйгөйлөр чечилет, өлкөдө инфраструктуралык курулуштар жана өнүгүүлөр активдүү жүрүп жатат.

Серепчинин айтымында, анын жыйынтыгын эл көрүп жатат жана өз кызыкчылыгы же пиар үчүн бийликти алмаштырууну көздөгөндөрдү колдобойт.

Ал кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерине бийлик тарабынан бөгөт коюларын баса белгиледи.