"Бакай Банк" Брюссель сотунда жеңишке жетти: Айыптоолор негизсиз деп табылды

Коом 7 апрель 2026 16:55
Bakai_Bank_Vip.jpg
669130757_26299172029724356_5485027002540103092_n (1).jpg
663346910_26299171976391028_5598906155047857942_n.jpg
668611298_26299172503057642_7739280509587992726_n.jpg
666659789_26299172229724336_8366046442829092157_n.jpg
667966036_26299172409724318_6989089801457974936_n.jpg
668732744_26299172299724329_1413060783090285064_n.jpg
Алдыга
Артка
Bakai_Bank_Vip.jpg
669130757_26299172029724356_5485027002540103092_n (1).jpg
663346910_26299171976391028_5598906155047857942_n.jpg
668611298_26299172503057642_7739280509587992726_n.jpg
666659789_26299172229724336_8366046442829092157_n.jpg
667966036_26299172409724318_6989089801457974936_n.jpg
668732744_26299172299724329_1413060783090285064_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз. Мындай чечимди жакында Брюссель соту чыгарды, - деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.

Ал белгилегендей, “Бакай Банк” банкы “Ачык диалог фонду” (Open Dialogue Foundation, ODF) поляк-бельгиялык өкмөттүк эмес уюмуна каршы козголгон сот ишин утуп алды.

"2023-жылы ODF өз сайтында макалаларды жарыялап, анда “Бакай Банкты” Россиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган.

“Бакай Банк” жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды.

Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту "Ачык диалог фонду" жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген.

Сот уюмду талаштуу макалаларды өчүрүүгө, соттун чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди.

Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы бир банкы – “Керемет Банк” Россияга каршы киргизилген чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө шектелип, АКШ жана Улуу Британия тарабынан санкцияларга кабылган. Өз кезегинде “Капитал Банк” дагы Улуу Британиянын санкциялык тизмесине киргизилген.

Бул жерде маанилүү бир жагдай: санкциялар айыптоо мүнөзүнө гана ээ. Башкача айтканда, банктар санкцияларды кыйгап өтүүгө болгону шектелип жатат. Азырынча АКШ да, Улуу Британия да мыйзам бузуулар боюнча конкреттүү далилдерди коомчулукка ачык жарыялай элек.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, ата мекендик банктарга карата санкциялар айрым өкмөттүк эмес уюмдар жана ак ниетсиз тараптар тараткан жалган маалыматтарга негизделгенин баса белгилеп келген.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы банктардын ишин толук жана калыс текшерүү үчүн Кыргызстан эл аралык көз карандысыз аудит өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

“Бакай Банк” боюнча сот чечими Кыргызстандын эл аралык укук нормаларын сактагандыгынын жана ата мекендик бизнестин кызыкчылыктарын чет элдик соттордо коргоого даяр экенинин айкын далили.

Башка кыргыз банктарына каршы санкцияларды негиздеген конкреттүү далилдер жок болгондуктан мамлекеттин позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат: Кыргызстан өзүнүн финансылык түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү толук ачык жана мыйзамдуу экенин тастыктоого ар дайым даяр", - деп жазды Алагөзов.