Байтиктен Кашка-Сууга чейинки веложолдун 4,3 чакырымы асфальтталды

Коом Загрузка... 14 Ноябрь 2025 09:20
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Аламүдүн районунда Байтик айылынан башталып, Кашка-Суу айылына чейинки аралыкта жаңы веложол курулууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, долбоордун жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт. Учурда 4,3 чакырымына асфальт төшөлүп, калган бөлүгүндө бордюр орнотуу жана жер иштери жүрүп жатат.

Веложолдун курулушу министрликке караштуу №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Жаңы веложол аймак тургундары үчүн сергек жашоо образын колдоого, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылга өбөлгө түзөт.