Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. "Алтын казык" программасы - өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн багыты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр" аталышындагы республикалык педагогикалык кеңешмеде айтты.
Ал "Алтын казык" мектептик билим берүү системасын трансформациялоо программасы деп жөн гана кооз ураан катары аталбаганын, ал өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн багытын аныктап, бардык реформалар үчүн туруктуу ориентир катары тандалганын белгиледи.
"Экономикалык, социалдык жана институционалдык реформалардын баарынын өзөгү – адамдык капитал. Реформалардын натыйжалуулугу жарандардын билим деңгээлине, ой жүгүртүү маданиятына, баалуулуктарына жана мүнөзүнө түздөн-түз көз каранды. Мындан улам президент Садыр Жапаров стратегиялык багыттын жана анын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан бардык реформалардын өзөгүнө мектептик билим берүү системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү маселесин коюп, ага өзгөчө маани берүүдө.
Мектеп реформасы – бул жөн гана билим берүү тармагындагы реформа эмес, цивилизациялык реформа. 20-30 жылдан кийин жарандардын кандай инсан болуп калыптанары, коом кандай баалуулуктарга таянып өнүгөрү жана мамлекет кандай багытта өсүү жолуна түшөрү дал ушул реформа менен аныкталат", – деди Эдил Байсалов.