Байге фонду 3 млн сом: Кырчында кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт

Көчмөндөр оюндары-2026 27 август 2026 09:55
1051697262_0_0_1911_1074_1920x0_80_0_0_3be614c98c06efcdc07c1af68ca88832.jpg
785059081_1998905460809886_1634527028447061417_n.jpg
Алдыга
Артка
1051697262_0_0_1911_1074_1920x0_80_0_0_3be614c98c06efcdc07c1af68ca88832.jpg
785059081_1998905460809886_1634527028447061417_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2-4-сентябрда Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айтышка Кыргызстандын жана Казакстандын белгилүү төкмө акындары катышып, комуз жана домбранын коштоосунда өнөрүн тартуулашат.

"Алар эки элдин тарыхын, достугун, биримдигин жана бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларын ыр саптарына салышат. Иш-чара эки элдин руханий-маданий байланышын бекемдөөгө жана төкмөлүк өнөрдү жаш муундар арасында жайылтууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Айтыштын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт.