Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын Кызыл Ай коому Кадыр түнгө карата Кыргызстан боюнча 14 миң адамга ооз ачар жана саарлык уюштурду.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы өлкөнүн бир катар аймактарында өткөрүлүп, муктаж үй-бүлөлөргө жана жарандарга колдоо көрсөтүлдү. Иш-чаранын алкагында орозо кармаган жарандарга атайын тамак-аштар даярдалып, таратылды.
Ошондой эле Кадыр түнгө байланыштуу Кыргызстандагы мечиттерде жалпы мусулмандар Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коомчулуктун ынтымагы үчүн дуба кылышты.
Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмираттарынын Кызыл Ай коому буга чейин да Кыргызстанда бир катар гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келген.