Баатыр энелерге ай сайын берилчү төлөмдү көбөйтүү үчүн каражат каралууда

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 15:25
1048320688_0_247_24.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү үчүн 1,6 млрд сом каражат талап кылынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Маматалиев демилгелеген мыйзам долбоорунда баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү каралган.

Төраганын айтымында, учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом алышат.

“Пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом алышат экен. Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирип, каражатты теңөөгө ниеттенип жатабыз. Үй-бүлөсүнүн абалын жакшыртуу үчүн жөлөк пул алып жүргөн энелерге социалдык келишим аркылуу 150 миң сом берүүнү же алардын учурдагы 3000 сомуна дагы 2000 сом кошуп, 5000ге жеткирүүнү караштыруудабыз.
Ал эми пенсия курагындагыларга берилген 1000 сом өтө аз. Биз бул каражатты 5000 сомго чейин көтөрүүнү пландап жатабыз. Буга 1 млрд 600 млн сом талап кылынат. Учурда Финансы министрлиги менен иштешип, каржылоо булактарын карап жатабыз. Эгерде 2027-жылдын бюджетине кирсе, бул мыйзамды кабыл алып беребиз”, — деди Марлен Маматалиев.