Баалардын өсүшү жана мамлекеттин жардамы: Турак жай рыногуна саресеп

Экономика Загрузка... 02 Апрель 2026 11:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Жалпыга маалым болгондой, Кыргызстанда турак жай рыногу активдүү өнүгүүдө. Айрыкча бул өсүш борбор калаада жана Ош сыяктуу ири шаарларда байкалууда. Мунун себеби аталган шаарларда калктын санынын көптүгү жана ички миграциядан улам турак жайга болгон суроо-талаптын жогорулашы. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө болжол менен 1,4 миңдей курулуш компаниясы катталган. Бирок рынокто чындап иштеп жаткандардын жана подрядчылардын саны 2 миңге чейин жетет.

Турак жай комплекстери жана алардын жайгашкан жерлери

Бишкек шаарында жеке курулуш компаниялары миңдеген батирлерден турган 100-200дөй турак жай комплекстерин курушууда. Азыркы учурда 17 миң 400 батир курулууда. 2026-жылдын аягына чейин 120дан ашык турак жай комплекси пайдаланууга берилет.

Өлкө боюнча мамлекеттик каттоого алынган турак жай объектилеринин саны 3 миң 720 деп белгиленет. Ал эми 2025-жылы 2 миң 257 объект эксплуатацияга берилген.

Борбор калаадагы курулуш иштеринин негизги бөлүгү түштүк жана түштүк-чыгыш райондоруна, көп кабаттуу үйлөр көп салынып жаткан Ленин районуна, кабаты азырак үйлөр басымдуулук кылган Биринчи май районуна, ошондой эле курулуштар жүрүп жаткан Свердлов жана Октябрь райондоруна туура келет.

Министрлик белгилегендей, шаардын жаңы Башкы планы дал ушул аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү курууга багытталган. Ал эми аймактарда 90-95% негизинен эконом-класстагы турак жайлар басымдуулук кылып, люкс үйлөр дээрлик жокко эсе. Бизнес-класстагы курулуштар ири шаарларда гана кездешет. Бишкекте эконом жана комфорт-класстагы турак жайлар рыноктун 80-90%ын түзөт, бизнес-класс 10-15%га, ал эми люкс үйлөр 5%га жетет.

Жыл сайын өлкөдө болжол менен 1,8 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилсе, анын 70-80%ы жеке курулушка туура келет.

Курулуш материалдары жана импорт

Объекттерди курууда кум, шагыл, топурак, бетон жана андан жасалган буюмдар, кыш, газоблок, пеноблок, айнек, асбест менен цементтен даярдалган материалдар, цемент, гипс картон, кургак аралашмалар жана ички шөкөттөөгө багытталган материалдар колдонулат.

Курулуш материалдары негизинен Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кытай өлкөлөрүнөн импорттолот. Кыргызстан битумду толугу менен, ал эми арматураны жарым-жартылай импорттоого көз каранды. Бул курулуштун баасына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Баалар жана рынок тенденциялары

Турак жай баасы толугу менен рыноктук шартта аныкталып, мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт. Бишкекте турак жайдын чарчы метринин орточо баасы 1 400-1 800 (120-155 миң сом) долларды түзөт. Ал эми айрым жаңы үйлөрдө 1 600 долларга чейин жетет.

Аймактардагы орточо баалар 450-900 (40-80 миң сом) доллардын тегерегинде.

Баанын өсүшү турак жайга болгон суроо-талаптын жогору болушу, калктын кирешесинин өсүшү, жер тилкелеринин кымбатташы, квалификациялуу жумушчу күчүнүн аздыгы жана курулуш материалдарынын, айрыкча импорттук материалдардын баасынын өсүшү менен шартталат. Мындан тышкары, турак жай капиталды сактоо каражаты катары каралгандыктан, инвестициялык кызыкчылыктар бааларга таасир этет.

Жалпысынан алганда, Кыргызстандын турак жай рыногу туруктуу түрдө өнүгүүдө. Айрыкча бул көп кабаттуу үйлөр басымдуулук кылган Бишкек шаарында көбүрөк байкалат.

Кыймылсыз мүлк рыногунда азыр суроо-талап сунуштан жогору болуп жаткандыктан, айрыкча бизнес жана элит-класстагы турак жайларга кызыгуу жогору. Мунун натыйжасында баалар туруктуу түрдө өсүүдө. Мындай шартта кыймылсыз мүлк акчаны инвестицияга салуунун жана топтолгон каражаттарды сактоонун эң ишенимдүү жолдорунун бири болуп калууда.

Мамлекеттик колдоо

Мамлекет калкты, айрыкча бюджеттик тармакта иштеген жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында бир катар чараларды көрүүдө. Атап айтканда, Мамлекеттик ипотекалык компаниясы түзүлүп, ал жеткиликтүү турак жай программаларын ишке ашырып, турак үйлөрдү куруу иштерин жүргүзүп келет.

Курулуштар Бишкек жана Ош шаарлары менен гана чектелбестен, Талас, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында да жүргүзүлүүдө. Бул өз кезегинде курулуштун аймагын кеңейтүүгө жана ири шаарлардагы кыймылсыз мүлк рыногуна болгон басымды бир аз азайтууга мүмкүндүк берет.

Учурда компаниянын уставдык капиталы 2 млрд долларды түзөт. 2026-жылы Бишкекте 6,3 миң ипотекалык батир берилет. Ал эми 2025-жылы 4 600дөн ашык үй-бүлө ал аркылуу үйлүү болгон. Жалпысынан алганда, буга чейин 13 миңге жакын үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон. Ошондой эле 2026-жылы мамлекеттик пландын негизинде өлкө боюнча 10-20 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.