“Бишкек Арена” стадионунун ичине заманбап соода борбору жайгашат

Коом 451 15 Март 2026 19:00
5c3adff8-6836-42ef-89b5-72e3d05fdd88.jpeg
fb23b9b6-6489-46f4-8222-eef5302321fa.jpeg
Алдыга
Артка
5c3adff8-6836-42ef-89b5-72e3d05fdd88.jpeg
fb23b9b6-6489-46f4-8222-eef5302321fa.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.03.26. /Кабар/. Борбор калаадагы “Бишкек Арена” стадионунун ичине “Bishkek Arena Mall” заманбап соода борбору жайгашат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда “Бишкек Арена” стадионунун курулуш иштери активдүү уланууда. Долбоор акыркы этаптарына жакындап калды.

“Bishkek Arena Mall” үч кабаттан туруп, ишкерлер жана коноктор үчүн бардык шарттар менен камсыздалат. Алдын ала пландар боюнча, 1-апрелден тарта соода борборундагы соода жайлары сатыла баштайт. Ошондуктан бул мүмкүнчүлүккө кызыккан ишкерлерди азыртан даярданууга чакырабыз. Телефон номерлер жана кошумча маалыматтар 1-апрелден тартып жарыяланат”,-деген ал.

Ошондой эле Туманбаев белгилегендей, борборго келген жарандар үчүн жетиштүү сандагы унаа токтотуучу жайлар каралган. Мындан тышкары, объект толугу менен заманбап жана ыңгайлуу шарттар менен камсыздалат.