Азымбакиев БУУнун Женевадагы бөлүм башчысына ишеним грамотасын тапшырды

Саясат
fb20e2a1-c222-4082-9472-3caf3c948454.jpg
a557e5f0-ba2e-44d3-89ea-f9b12e754b13.jpg
Алдыга
Артка
fb20e2a1-c222-4082-9472-3caf3c948454.jpg
a557e5f0-ba2e-44d3-89ea-f9b12e754b13.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлү Муратбек Азымбакиев БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн башкы директору Татьяна Валоваяга ишеним грамоталарын тапшырды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Татьяна Валовая БУУнун Женевадагы учурдагы ишмердигинин негизги багыттары тууралуу айтып берди, ал эми Муратбек Азымбакиев жакынкы мезгилге карата иш пландары менен бөлүштү.

Туруктуу өкүлчүлүктүн ишмердиги Кыргызстандын БУУ жана Женевадагы башка эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө, көп тараптуу аянтчаларда өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын жана демилгелерин илгерилетүүгө багытталат.