Азык-түлүк коопсуздугу: Акыркы беш жылда айыл чарбасында кандай өзгөрүүлөр болду?

Экономика Загрузка... 26 Май 2026 18:20
1_RFWXMIU.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Азык-түлүк коопсуздугу ар бир мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон негизги маселелердин бири. Акыркы жылдары Кыргызстанда өлкөнү негизги азык-түлүк түрлөрү менен өз алдынча камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган иштер күчүндө. Ал эми бул багыттагы жетишкендиктер өлкөнүн импортко болгон көз карандылыгын азайтып, ички рыноктун туруктуулугун бекемдөөгө жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Азык-түлүк коопсуздугу — бул өлкөнүн өзөгү

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоодо Кыргызстан өзүн базалык тогуз азыктын ичинен алтоо менен камсыздап жатат. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров коюп, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тиешелүү иштерди алып барууда.

Базалык тогуз азыкка төмөнкүлөр кирет:

  • нан жана дан (буудай өсүмдүктөрү);
  • картошка;
  • жашылча жана бакча өсүмдүктөрү;
  • мөмө-жемиштер;
  • сүт жана сүт азыктары;
  • эт, өсүмдүк майы, кумшекер жана жумуртка.

Ал эми өлкө өзүн төмөндөгү азык-түлүктөр менен камсыздоодо:

  • эт;
  • кант;
  • сүт;
  • жумуртка;
  • картошка;
  • жашылча жана бакча өсүмдүктөрү.

Импортту азайтуу жана ички өндүрүштү колдоо күчөтүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы концепция иштелип чыкты.

Анын айтымында, жаңы мыйзамдын негизги максаты импортко болгон көз карандылыкты азайтып, ички өндүрүштү көбөйтүү.

“Учурда өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып жатат. Ошондой эле ар кандай кризистик кырдаалдарда ыкчам чара көрүү механизмдери каралууда. Мисалы, азык-түлүктүн баасы кескин өсүп же төмөндөп кеткен учурда, дефицит же профицит жаралганда бардык тиешелүү мекемелер бирдиктүү система менен иш алып барууга даяр болушу керек”, - деди ал.

Чекирбаев белгилегендей, баалардын кескин төмөндөшү фермерлер үчүн дагы көйгөй жаратышы мүмкүн.

“Айрым учурларда дыйкандар өндүргөн продукциясын сата албай калат. Ошондуктан мындай кырдаалдарда ыкчам чара көрүү маанилүү. Бардык мекемелер сааттай так иштеген система болушу керек”, — деди бөлүм башчы.

Мындан тышкары, министрлик учурда продукциянын өздүк наркын азайтуу жана сапатын жогорулатуу багытына да көңүл буруп жатканын билдирди.

“Башка өлкөлөрдүн дыйкандары менен таза атаандаштык болушу үчүн продукциянын сапатын көтөрүп, өздүк наркын төмөндөтүү зарыл. Ошондо гана атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Азыр фермерлер үрөнгө, жер семирткичке жана насыяга көп каражат жумшап жатышат. Биз ошол чыгымдарды азайтууга аракет кылуудабыз. Эгер өздүк нарк төмөндөсө, фермерлер көбүрөк өндүрүп, кирешеси дагы өсөт”, - деди Уран Чекирбаев.

Ошондой эле ал Кыргызстан учурда жетишпей жаткан калган үч негизги азык-түлүк түрү боюнча дагы өзүн камсыздоо багытында иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

“Бул биздин планда бар. Алдыдагы жылдары акырындык менен ишке ашырылат”, - деди ал.

2030-жылга чейин калган үч азык менен камсыздай алат

Айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, азык-түлүк коопсуздугу мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Анын айтымында, өлкө учурда негизги 9 азык-түлүктүн калган үч багыты боюнча өзүн камсыздоого мүмкүнчүлүгү толук жетет.

“Мындан беш жыл мурда Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин Кыргызстан болгону үч түрдөгү азык-түлүк менен гана өзүн камсыз кылып келген. Акыркы жылдары айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттик колдоо жана каржылоо күчөдү. Президенттин айыл чарбасынын деңгээлин көтөрүү боюнча тапшырмасынын негизинде былтыр алты негизги азык-түлүк түрү менен камсыз болууга жетиштик. Эми 2030-жылга чейин калган үч түрү боюнча дагы толук камсыздоого жетебиз деп ишенем”, — деди ал.

Академиктин айтымында, негизги маселелердин бири буудай өндүрүшү. Кыргызстан учурда буудайды негизинен Казакстан жана Россия мамлекеттеринен импорттойт.

“Бизге жылына болжол менен 1 миллион тонна буудай керектелет. Азыр 600 миң тоннага жакын гана өндүрүп жатабыз. Эгер буудайдын айдоо аянтын 250 миң гектардан 354 миң гектарга чейин көбөйтсөк, өзүбүздү толук камсыздай алабыз. Антпесе, коңшу өлкөлөрдө түшүм аз болуп калса, биз дагы кыйын абалда калуу коркунучу бар”, - деп белгиледи адис.

Ошондой эле ал өсүмдүк майы боюнча дагы импортко көз карандылык жогору болуп жатканын айтты.

“Азыркы учурда өсүмдүк майына болгон муктаждыктын болгону 20 пайызын гана өзүбүз өндүрүп, калган 80 пайызын сырттан алып келебиз. Бирок май алуучу өсүмдүктөрдү көбүрөк айдап, кайра иштетүүнү күчөтсөк, бул көйгөйдү чечүүгө болот”, - деди ал.

Мындан тышкары, мөмө жемиштер боюнча өлкө өзүн 45 пайыз деңгээлде гана камсыз кыларын белгилеп, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү зарылдыгын кошумчалады.

“Сырттан келген мөмө-жемиштердин сапаты төмөн же мөөнөтү өтүп кеткен учурлар кездешет. Эгер кайра иштетүү тармагын жолго койсок, ички керектөөнү толук жабууга мүмкүнчүлүк бар”, - деп кошумчалады Жамин Акималиев.