Азык-түлүк коопсуздугу. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү 2030-жылга чейин кошумча нарк салыгынан бошотулат

Экономика Загрузка... 20 Июнь 2025 15:45
fsh-850x560.jpg
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Айыл чарба министрлиги ата мекендик айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү 2030-жылга чейин кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө токтом долбоорун даярдады. Эксперттер белгилегендей, бул Кыргызстандын агрардык секторунун продукциясына болгон бааларды 10-12%га төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Бул биринчиден, фермердик чарбаларды жана кооперативдерди колдоого багытталган демилге. Экинчиден, сунушталган чаранын социалдык маанилүү мазмуну бар. Кыргызстандын ички рыногу импорттон азыраак көз каранды болуп, калк үчүн жеткиликтүү баада өзүнүн азык-түлүгү менен камсыз кылууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

«Айыл чарба өндүрүшүнүн өздүк наркынын өсүшү (күйүүчү май, жер семирткичтер, логистика, таңгактоо жана башкалар) жана чийки затты сатуунун төмөн маржалуулугу шартында, КНС түрүндөгү салык салуу (12 пайыз) ата мекендик аграрчылардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, айрыкча ички рынокто кыйла төмөндөтөт”,— деп айтылган Айыл чарба министирлигинин маалымкат негиздемесинде.

Нарк салыгынан бошотулган товарлардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

  • Нан, макарон азыктары, ун, дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү
  • Картошка
  • Жашылчалар жана коон-дарбыз өсүмдүктөрү
  • Мөмө-жемиштер жана мөмөлөр
  • Кант жана кондитердик азыктар
  • Өсүмдүк майы
  • Эт жана эт азыктары
  • Балык жана балык азыктары
  • Сүт жана сүт азыктары
  • Ширелер, нектарлар, морс
  • Жумуртка

Адистердин айтымында, министрлер кабинети ушундай жол менен жергиликтүү бизнестин айыл чарба секторуна тартылышын гана эмес, чет элдик инвестицияларды тартууну да стимулдаштырат. Тандалган багыт чарбалардын ирилешүүсү үчүн да шарт түзөт. Мында эң маанилүүсү, кошумча наркы жогору продукция чыгарган кайра иштетүүчү ишканаларга басым жасалууда. Мындан тышкары, бул тармакта жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Айыл чарба министрлиги мыйзамдуу товар жүгүртүүнүн өсүшүн, фермерлердин кирешесинин көбөйүшүн жана кайра иштетүүнүн активдешүүсүн күтүүдө.

"Экономикалык субъекттерди көмүскөдөн чыгаруу башка салыктардын - киреше салыгынын, жер салыгынын жана социалдык чегерүүлөрдүн эсебинен бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүшү мүмкүн", - деп белгилешет документтин демилгечилери.

“Бул демилге күйүүчү-майлоочу майлардын, жер семирткичтердин кымбатташынын фонунда айыл чарба продукцияларынын баасын иретке келтирүүгө, көптөгөн фермерлердин жана айыл чарба продукцияларынын жүгүртүлүшүнүн көмүскөдөн чыгуусуна мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, калктын көпчүлүгү айыл жергесинде жашагандыктан, бул майда фермердик чарбалардын өнүгүүсүнө да чоң мүмкүнчүлүк берет”,- дейт экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров.

Экономика жана бизнес чөйрөсүндөгү эксперт Сергей Пономарев Айыл чарба министрлигинин демилгесин инвесторлорду тартуу үчүн кошумча стимул берерин айтты.

«Айрыкча агробизнес тармагында иштеген ата мекендик өндүрүүчүлөрдү мындай колдоо (Кыргызстандын калкынын 60%ы айыл жергесинде жашайт), жетиштүү деңгээлде натыйжалуу болушу керек. Жашылча-жемиш, дан эгиндерин жана мал чарба продукцияларын өстүрүү албетте пайдалуураак болот. Нарк салыгынан бошотулган товарлардын тизмеси кыйла кеңири жана ага социалдык жактан маанилүү позициялар кирет.

Биз айыл чарба продукциясын өстүрүп эле тим болбостон, сорттоп, кайра иштетип, таңгактап, консервалап да чыгара турган деңгээлге жетели деп турабыз. Эсиңиздерге сала кетейин, бизде хабдар жана логистикалык борборлор курулуп жатат. Мунун баары Кыргызстандын агроөнөр жай тармагындагы абалды бир топ жакшырта алат. Бул айыл чарбасында иштеген калктын жашоо деңгээлин көтөрүшү керек жана албетте экономиканын туруктуулугу үчүн маанилүү. Ал эми керектөөчү катары мен биздин продукция жетиштүү болуп, арзан баада сатылышын күтөм", - деп жыйынтыктады Пономарев.