Ишкерлерди колдоо: Кепилдик фонд 61 млрд сом насыя алууга көмөктөштү

Экономика Загрузка... 12 Июнь 2026 09:20
468428915_500457346345343_2408874867980810140_n.jpg
copyright icon "Кепилдик фонду" ААК

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. "Кепилдик фонд" ААКтын көмөгү менен Кыргызстандын ишкерлери өлкө экономикасына дээрлик 61 млрд сом көлөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ишканадан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 31-майына карата фонд өзүнүн 10 жылдык ишмердүүлүгүндө ишкерлерге жалпы суммасы 20 млрд сомго жакындаган 21 674 кепилдик берген. Бул механизм күрөөсү жетишсиз болгон миңдеген чакан жана орто бизнес субъекттерине каржылоо алууга шарт түздү.

Кепилдик фонд экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүнү башкы орунга коёт. Бөлүнгөн каражаттардын түзүмү төмөндөгүдөй:

  • айыл чарбасы (61%): Ишкерлер 11 млрд сомдон ашык кредит тартышкан;
  • өнөр жай ишканалары: 10,5 млрд сомдон ашык каражат багытталган;
  • кайра иштетүү сектору: 8 млрд сомдон ашык кредиттик каражаттар тартылган.

"Берилген жалпы кепилдиктердин болжол менен 70%ы аймактардагы ишкерлерге туура келет. Бул жер-жерлерде жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү бизнестин активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болууда", - деп айтылат маалыматта.