Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда 50 компания жогорку санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу жоюлганы жатат. Бул тууралуу президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдан тартып Кыргызстан батыштагы өнөктөштөр менен тыгыз диалог жүргүзүп келет. АКШнын, Европа биримдигинин жана Улуу Британиянын институттары менен көптөгөн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө.
“Биз тараптан суралган бардык материалдар жана маалыматтар берилүүдө. Батыштагы өнөктөштөрдүн өтүнүчү боюнча учурда алардын пикиринде жогорку санкциялык тобокелдиктерге ээ операцияларга тартылган болушу мүмкүн болгон 50 юридикалык жакты жоюу иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошентип, биз өз ара алгылыктуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн максималдуу ачыктыкты жана биргелешкен кызматташууга даяр экенибизди көрсөтүп жатабыз”, - деп белгиледи министр.
Мындан тышкары, Бакыт Сыдыков Кыргызстан санкциялык саясат маселелеринде ачык, жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мамилени ырааттуу карманарын, эл аралык укукка, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге берилгендигин ырастарын белгиледи.
“Өлкө өз ара урматтоо, ишеним жана мамлекеттердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине таянып, жаралган маселелерди диалог, консультациялар жана маалымат алмашуу аркылуу чечүүнү жактайт. Ошол эле учурда кыргыз тарап чектөөчү чараларды колдонууда тең салмактуу жана объективдүү мамиленин зарылдыгын белгилейт. Бир тараптуу санкциялардын кесепеттерин үчүнчү мамлекеттерге жана эл аралык сооданын ак ниет катышуучуларына жайылтуу практикасы өзгөчө көңүл бурууну жана мүмкүн болуучу экономикалык кесепеттерди кылдат эске алууну талап кылат. Туруктуу чечимдер фактыларга, кесипкөй өз ара аракеттенүүгө жана мамлекеттердин эгемендүү кызыкчылыктарын урматтоого негизделиши керек деп ишенебиз”, - деп айтты ал.