Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Санкция коркунучунан улам Кыргызстанда 16 компаниянын иши токтотулду. Бул тууралуу комплаенс механизмдерин, ички контролду өркүндөтүү жана санкциялык тобокелдиктерди андан ары минималдаштыруу маселелери боюнча кезектеги жумушчу кеңешмеде белгилүү болду.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон субъекттердин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн комплекстүү талдоонун жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду.
40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча 16сына байланыштуу материалдар мыйзамда белгиленген тартипте аларды жоюу маселесин андан ары кароо үчүн сот органдарына өткөрүп берилди. Калган компанияларга карата тиешелүү текшерүү иш-чаралары уланууда.
Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө санкциялык тобокелдиктери жогору болгон адамдарды жана компанияларды аныктоо жана ”блэклист” тизмесин түзүү механизми талкууланды. Бул чечим жакынкы күндөрү бекитилет.
Мындан тышкары, банк секторунун комплаенс жол-жоболорун күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, 2026-жылдын 2-октябрына карата мамлекеттик банктар бир катар компаниялар менен ишкердик мамилелерин токтоткону маалымдалды:
- ”Элдик Банк“ ААК — 126га жакын компаниянын эсептери жабылды;
- ”АБанк” ААК — 100гө жакын компаниянын эсептери жабылды.