Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Филиппиндин Манила шаарында өткөн самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында кыргызстандык спортчулар 36 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн курама командасы жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.
Алтын медаль ээлери:
- Дастан Исаков (64 кг, өспүрүмдөр, күжүрмөн самбо);
- Даниел Шаршенов (64 кг, жаштар, спорттук самбо);
- Куттубек Төлөшев (71 кг, эркектер, күжүрмөн самбо);
- Бектен Эркебай уулу (88 кг, эркектер, күжүрмөн самбо);
- Артур Манченко (88 кг, жаштар, спорттук самбо);
- Эмир Жаныбеков (98 кг, өспүрүмдөр, күжүрмөн самбо);
- Артур Сансызбеков (98 кг, эркектер, спорттук самбо);
- Илья Сухинин (+98 кг, өспүрүмдөр, спорттук самбо).
Күмүш медаль ээлери:
- Акак Үсөн кызы (54 кг, кыз-келиндер, күжүрмөн самбо);
- Элмар Өмүрзакова (65 кг, өспүрүм кыздар, спорттук самбо);
- Жеңишбек Жолдошов (71 кг, өспүрүмдөр, спорттук самбо);
- Төрөбек Темирбек уулу (79 кг, өспүрүмдөр, күжүрмөн самбо);
- Байэл Жакшылыков (79 кг, эркектер, спорттук самбо);
- Феликс Уланбеков (88 кг, эркектер, спорттук самбо);
- Тимурлан Токтоболотов (98 кг, эркектер, күжүрмөн самбо);
- Арсен Жумадилов (+98 кг, жаштар, спорттук самбо);
- Алымбек Адил уулу (+98 кг, эркектер, күжүрмөн самбо).
Коло медаль ээлери:
- Эркеайым Саматова (47 кг, кыздар, спорттук самбо);
- Шахнази Айбекова (50 кг, кыздар, спорттук самбо);
- Луиза Асакеева (50 кг, өспүрүм кыздар, спорттук самбо);
- Луиза Асакеева (50 кг, кыз-келиндер, спорттук самбо);
- Дилбара Раимжанова (50 кг, кыз-келиндер, күжүрмөн самбо);
- Кимал Оболбеков (58 кг, эркектер, спорттук самбо);
- Байбол Абдыманапов (58 кг, өспүрүмдөр, спорттук самбо);
- Кайрат Жусуп уулу (64 кг, эркектер, спорттук самбо);
- Берик Бараканов (71 кг, өспүрүмдөр, күжүрмөн самбо);
- Аделина Бакасова (72 кг, кыз-келиндер, күжүрмөн самбо);
- Байэл Исаков (79 кг, жаштар, спорттук самбо);
- Курманбек Замирбек уулу (79 кг, эркектер, күжүрмөн самбо);
- Мээримай Нурадилова (80 кг, кыз-келиндер, күжүрмөн самбо);
- Анастасия Колушева (80 кг, кыз-келиндер, спорттук самбо);
- Нурислам Памиров (88 кг, өспүрүмдөр, спорттук самбо);
- Марал Байбосунов (98 кг, жаштар, спорттук самбо);
- Никита Ворошилин (98 кг, өспүрүмдөр, спорттук самбо);
- Искендер Саралаев (+98 кг, эркектер, спорттук самбо).
Белгилей кетсек, самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 25-28-июнь күндөрү Филиппиндин Манила шаарында өттү.