Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Футбол боюнча XX жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын U-23 (олимпиадалык) курама командасынын атаандаштары аныкталды.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, бүгүн өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы А тайпасына жайгашып, Япония, Таиланд жана Гонконг командалары менен беттешмей болду.
Футбол боюнча мелдешке жалпысынан 15 өлкөнүн олимпиадалык курама командасы катышып, төрт тайпага бөлүндү:
А тайпасы:
- Япония;
- Таиланд;
- Кыргызстан;
- Гонконг.
В тайпасы:
- Кытай;
- БАЭ;
- Иран;
- КЭДР.
С тайпасы:
- Вьетнам;
- Өзбекстан;
- Филиппин;
- Кувейт.
D тайпасы:
- Түштүк Корея;
- Сауд Аравиясы;
- Катар.
XX жайкы Азия оюндары быйыл 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Япониянын Нагоя шаарында жана Айти префектурасында өтөт.
Мелдештин программасына 41 спорттун түрү жана 68 дисциплина киргизилип, 460 медаль топтому ойнотулат.