Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. 12-13-сентябрь күндөрү “Кыргыз деңизи” санаториясында спорт журналисттеринин жыл сайын өтүүчү спартакиадасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, журналисттер спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашты.
Спартакиаданын алкагында футзал, волейбол, стол тенниси, шахмат жана тогуз коргоол боюнча мелдештер өттү.
Иш-чарага Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, Азиянын алты жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова катышып, спартакиаданын катышуучуларын ийгиликтери менен куттуктады.
Жалпы командалык эсеп боюнча “Көчмөндөр” тобу биринчи орунду, “Арсенал” тобу экинчи орунду, “Ак Илбирс” тобу үчүнчү орунду ээледи.
Белгилей кетсек, спорт журналисттеринин спартакиадасы быйыл 12-жолу өткөрүлдү.