Кыргызстандын курама командасы VI ислам шериктештиги оюндарында 19 медаль жеңди

Спорт 2255 22 Ноябрь 2025 12:35
175a04c1-bf7e-43e1-a548-dbe974694b81.jpg
4b4280ed-64ff-423c-9690-faeeb7d23ef9.jpg
4d44aab5-dec0-45bb-ace0-a835b0121bbf.jpg
5ffdc864-b0e3-4265-b794-a9163fb5cfc3.jpg
f38518de-4552-4e86-be2f-e8571de4b300.jpg
Алдыга
Артка
175a04c1-bf7e-43e1-a548-dbe974694b81.jpg
4b4280ed-64ff-423c-9690-faeeb7d23ef9.jpg
4d44aab5-dec0-45bb-ace0-a835b0121bbf.jpg
5ffdc864-b0e3-4265-b794-a9163fb5cfc3.jpg
f38518de-4552-4e86-be2f-e8571de4b300.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 22.11.25. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында өткөн VI ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын курама командасы мелдештерге татыктуу катышып, жалпы жонунан 19 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, командалык эсеп боюнча Кыргызстандын курама командасы 14-орунду ээлеген.

“Эр-Рияд шаарында VI ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу жабылуу аземи болуп өттү. Аталган көп түрдүү спорттук иш-чара ислам дүйнөсүнүн 57 өлкөсүнөн келген спортчуларды бириктирди. Биздин спортчулардын көрсөткүчү жогорку даярдык деңгээлин жана эл аралык аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчулар бир катар спорт түрлөрүндө медалдарга ээ болуп, өлкөнүн спортту өнүктүрүүгө жана эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого болгон умтулуусун тастыкташты.