Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясына (FIFA) кибер чабуул жасалды. Хакерлер чектелүү сандагы жеке жана ишкердик маалыматтарга уруксатсыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, деп билдирет Казинформ.
Маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, чабуул FIFA Forward Enterprise жабык долбоорунун файлдарына таасир эткен эмес.
Өз кезегинде ФИФА бул чабуулду жеке жашоонун кол тийгистигин олуттуу бузуу катары айыптады. Уюм ошондой эле укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып жатканын билдирди.
ФИФА кибер чабуулдан канча адам же уюм жабыркаганын, ал качан болгонун же кандай иштиктүү маалыматтар уурдалганын так айткан жок. Кандайдыр бир маалыматтардын интернетте жарыяланышы боюнча да маалымат берилген эмес.
Бул арада Рейтер агенттиги чабуул ФИФАнын бардык маалыматтарынын 0,1 пайыздан азына таасир эткенин билдирди.