Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын грепплинг боюнча курама командасынын мүчөсү Нурислам Жоромырзаев АКШнын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында өткөн “THE 2025 CHICAGO SPRING GAMES” мелдешинде алтын медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спортчу +90 кг чейинки салмакта катышкан. Канадалык жана Америкалык атаандаштарын утуп, финалдык беттеште Пакистандык атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, мелдештин жеңүүчүсу аталды.
Жетишкени ийгиликтери:
2021-жылы: Грепплинг (NAGA) боюнчаЧүй облусунун чемпиону;
2022-жылы: Грепплинг (UWW) боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону;
2022-жылы: Грепплинг (NAGA) боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону;
2023-жылы: Джиу-джитсу боюнча боюнча Чүй облусунун чемпиону;
2023-жылы: Комбат джиу-джитсу боюнча (GI жана NO GI) Кыргыз Республикасынын чемпиону;
2024-жылы: Грепплинг ADCC боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону;
2024-жылы: Джиу-джитсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.